
Курулуш кызматкерлери профсоюзунун республикалык комитетинин төрагасы Элдияр Карачалов Профсоюздар федерациясынын төрагасын шайлоону таза өткөрүп беришин суранып президент Садыр Жапаровго кайрылды.
Анын айтымында, президенттик администрациянын Алтынбек Эргешов аттуу кызматкери профсоюздардын төрагаларын чогултуп алып, башка адамга добуш бересиңер деп жатыптыр.
"УКМКнын кызматкерлери менин кесиптештеримди, ата-энемди чакырып алып, менин талапкерлигимди алып салышымды айтып жатышат.
Урматтуу, Садыр Нуркожоевич, сизден суранам, ачык-айкын, таза шайлоо өткөрүп бергенге жардам бериңиз", - дейт Элдияр Карачалов.
Белгилей кетсек, эртең, 6-апрелде Профсоюздар федерациясынын съезди болот, анда бул уюмдун төрагасы шайланат.
