Орусия Кыргызстанга COVID-19ду аныктоочу реагенттерди берди

Орусиядан Кыргызстанга COVID-19ду аныктоочу реагенттер комплекти жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 4-апрелинде Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тарабынан элчилик менен РФнын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адамдын жыргалчылыгын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) "Борбордук эпидемиология илимий-изилдөө институту" федералдык бюджеттик илим мекемесинин ортосундагы административдик макулдашууга ылайык кайтарымсыз негизде россия тарабынан берилген COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясын аныктоо үчүн 180 миң тест жүргүзүү үчүн реагенттер комплекти менен дипломатиялык жүк жөнөтүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД