Кадамжайда дан азыктарын аткезчилик жол менен ташыгандар кармалды

Баткен облусунда аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан дан азыктары кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кадамжай РИИБнин кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде 2022-жылдын 4-апрель күнү Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагында 2 жүк ташуучу унаа токтотулган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө Ош облусунун Кара-Суу районунун тургундарынын башкаруусунда келе жаткан бул унаалардагы дан азыктары Өзбек Республикасынын Фергана облусунун Риштан районунун Шахимардан анклавына аткезчилик жол менен бара жаткандыгы белгилүү болуп кармалды.

Бул факты Кадамжай РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, кармалган унаалар атайын токтотулуучу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД