
Орусиялык белгилүү саясатчы, Либералдык-демократиялык партиясынын лидери Владимир Жириновский узакка созулган оорудан кийин каза болду. Бул тууралуу Мамлекеттик думанын спикери Вячеслав Володин билдиргенин орус басылмалары жазып чыгышты.
Белгилей кетсек, 75 жаштагы Владимир Жириновский 2-февралда COVID-19 диагнозу менен ооруканага жаткырылган.