Таласта "Арсенал" рейдинин жүрүшүндө ок атуучу 17 курал алынды

Талас областынын аймагында 5-6 апрель күндөрү өткөрүлгөн "Арсенал" рейди жыйынтыкталды. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Талас областы боюнча 5-6 апрель күндөрү өткөрүлгөн "Арсенал" рейдинин жүргүзүлгөн иш чараларына жалпы 135 кызматкер тартылды.

"Арсенал" рейдинин жүрүшүндө эң негизги иш чаралар мыйзамсыз сактоодогу ок атуучу куралдар, ок дарылар жарылуучу заттарды аныктоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3 февралында № 50 сандуу токтомунун негизинде Талас облусунун аймагында эл арасында мыйзамсыз сактоодо турган ар кандай ок атуучу куралдарды өз ыктыяры менен тапшыруусун жана ошондой эле тапшырылган ок атуучу куралдар өздөрүнүн пайдасына мыйзамдаштыруусуна түшүндүрмөлөр берүү үчүн багытталган. Мындан тышкары, ок атуучу куралы бар ээлери менен ок атуучу курал менен колдонулган кылмыш, окуя болтурбоо боюнча профилактикалык иш чараларды жүргүзүү, ошондой эле ок атуучу курал менен колодонууда коопсуздук эрежелерин сактоо жана аткаруу.

Талас областы 5 аймакка бөлүнүп, аталган профилактикалык иштеринин жүрүшүндө жарандар тарабынан жалпысынан 17 ок атуучу курал алынган. Анын ичинен 16 сайсыз жана 1 сайлуу ок атуучу курал. Тактап айтканда, Манас районунан 4 сайсыз, Кара-Буура районунан 4 сайсыз, Бакай-Ата районунан 5 сайсыз, Талас районунан 1 сайсыз 1 сайлуу, Талас шаарынан 3 сайсыз эч кандай тиешелүү уруксат кагаздары жок ок атуучу куралдары өз ыктыяры менен тапшырылган. Мындан тышкары участкалык инспекторлор тарабынан тейлеген административдик аймактарында 280 ок атуучу куралдары бар жарандардын турак жайларындагы ок атуучу куралдардын сактоо эрежелери текшерилип, натыйжада жалпы 15 административдик протокол түзүлгөн, анын ичинен ок атуучу газ пневматикалык ыргытма жана электрдик куралын сатып алуу сактоо берүү же сатуу тартибин бузгандыгы үчүн 126-берене менен 1 административдик протокол түзүлүп, ошондой эле ок атуучу газ пневматикалык ыргытма жана электрдик куралын каттоо мөөнөтүн бузгандыгы үчүн 134 берене менен 3 административдик протокол түзүзүлүп, ок атуучу газ пневматикалык ыргытма жана электрдик куралын сактоо жана ташуу 133 берене менен 5 протокол түзүлгөн жана ошондой эле башка беренелер менен 6 протокол түзүлгөн. Жалпы жарандарга түзүлгөн административдик протокол боюнча 24000 миң сом айып салынган. Ар бир ок атуучу куралы бар ээлер менен ок атуучу курал менен алып жүрүүдө жана колдонууда коопсуздукту сактоо, алып жүрүүнүн жана сактоо эрежелерин бузбоо боюнча профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жалпысынан 180 милдеттемеге кол тамгасын койдуруп тапшырган.

Мындан тышкары рейддин жүрүшүндө издөөдө жүргөн 2 адамдын жүргөн жери аныкталып кармалган, мурда болгон 5 кылмыштын бети ачылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД