Бишкекте жыл башынан бери адашып же жоголуп кеткен 8 өспүрүм табылган

Милициянын кайгуул кызматы жаш балдарды кароосуз калтырбоого чакырат.

Милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматынан билдиришкендей, жыл башынан тартып, Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан адашып, же жоголуп кеткен 8 өспүрүм табылып, баардыгы ата-энелерине сак-саламат жеткирилген.

Адашып жүргөн өспүрүмдөрдүн көпчүлүгү улуулардын коштоосуз же кароосуз калып, ойноп жүрүп үйүн таппай калган фактылар.

Мындай терс көрүнүштөргө жол бербөө үчүн, милициянын кайгуул кызматы жаш балдарды кароосуз калтырбоого чакырат.

Ошондой эле көчөдөн адашып жүргөн өспүрүмдөрдү көргөн учурда тезинен "102" кызматына же милициянын кайгуул кыматынын 0509102122 номуруна тезинен кабарлоого чакырабыз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД