
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев өзүнүн Фейсбук баракчасында он эки жылдык билим боюнча билдирүү жасады.
"Эми бала 7 жашынан эмес, 6 жашынан милдеттүү түрдө 1-класска аттанып, 0-класс (даярдоо классы) деген жоюлат. Ошондо бала жылдан утулбайт. Дүйнөлүк стандартка ылайык болобуз" , - деп жазган ал "Фейсбуктагы" билдирүүсүндө.
Бейшеналиев буга чейин билим берүү тармагында бир катар реформалар жасала тургандыгын жарыялаган. Алардын катарында дүйнөнүн 136 өлкөсүндөгүдөй 12 жылдык окуу программасын киргүзүү каралып жатканы айтылган.