Бишкекте бир унааны, андан кийин кызды сүзүп качкан мас айдоочу кармалды

КР ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүн, 7-апрелде эртең менен саат 08:45 чамасында,Субару Форестер унаасы Бишкек шаарынын Чүй менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен Опель Астра унаасын сүзүп кеткен.

Оң рулдуу Субарунун айдоочусу жоопкерчиликтен качуу максатында окуя болгон жерден качып кетип бара жатып Исанов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинен, жөө өтмөктөн 25-30 жаштагы кыз кишини сүзүп кеткен жана Бөкөнбаев менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинен жолдун жээгиндеги электр мамысын сүзүп токтогон.

Учурда жөө жүргүнчү оор абалда ооруканага жеткирилди.

Айдоочусун текшерүү учурунда Бишкек шаарынын тургуну 27 жаштагы В.Т., алкоголдук ичимдик ичип алгандыгы аныкталды.

Унаасы айып аянтчага токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып тергөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД