
Бишкек шаарынын борборунда Киев-Исанов кесилишинде мас абалында Subaru Forester айдоочусу сүзүп кеткен кыз реанимацияда каза болгон. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, айдоочу өзү жасаган жол кырсыгы болгон жерден из жашырып, жол чырактын кызыл күйүп турган жеринен өтүп, ошол учурда жолдон өтүп бара жаткан кызды сүзүп алган.
Белгилей кетсек, 7-апрелде болжол менен саат 08:45 чамасында оң рульдуу Subaru Forester унаасы Бишкек шаарынын Чүй менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен "Опель-Астра" унаасын сүзүп эбегейсиз материалдык чыгым келтирген.
Айдоочу жоопкерчиликтен качуу максатында окуя болгон жерден качып бара жатып, Исанов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинен жөө өтмөктөн 25-30 жаштагы кыз кишини сүзүп, андар ары Бөкөнбаев менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинен жолдун жээгиндеги электр мамысын сүзүп токтогон.
Жөө жүргүнчү оор абалда ооруканага жеткирилип, айдоочусун текшерүү учурунда Бишкек шаарынын 27 жаштагы В.Т. аттуу тургуну экени жана алкоголдук ичимдик ичип алгандыгы аныкталган.
Унаа айып аянтчага токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.