Өткөн жумада коронавирустан каза болгондордун саны 43 пайызга азайган

Өткөн жуманын жыйынтыгында, коронавирустан каза болгондордун саны 43%га азайган. Бул жаңылык Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жумалык бюллетенинде жазылган.

Статистикага ылайык, 23- марттан 3-апрелге чейин вирустун жаңы катталган учурларынын саны 16%га азайган. Жалпы алганда, вирус 9 млн адамда катталып, анын ичинен 26 миң адам каза болгон.

"Ошентсе дагы, биз COVID-19ду жеңдик деп айта албайбыз, анын "эволюциясы уланып", жаңы штаммдары пайда болууда",- деп белгилешет БДСУнун эксперттери.

Андыктан учурдагы эң мыкты коргонуу чарасы бул - эмдөөдөн өтүү болуп эсептелет. Эмдөө аркылуу биз жамааттык иммунитетти пайда кылып, вирустан сактана алабыз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД