Орусия БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинен чыгарылды

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын көпчүлүк мүчөлөрү Орусияны уюмдун Адам укуктары боюнча кеңешинен чыгарууга макулдугун берди. 7-апрелде тиешелүү резолюцияны Башкы ассамблеяга мүчө 193 мамлекеттин 93ү колдоду.

Орусиядан тышкары Беларус, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан сыяктуу 24 өлкө каршы болду. 51 мамлекет добуш берген жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД