
Окуучулар Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн ишмердүүлүгү менен таанышышты. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 5-апрель күнү Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн Балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери Нарын шаарындагы бардык орто мектептеринин окуучуларынын арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу максатында жана жаш өспүрүмдөрдүн мекенге болгон патриоттуулугун ойготуу максатында, Нарын ШИИБнө "Ачык эшик" аталышындагы иш-чарасын өткөзүштү.
Иш-чарада Нарын ШИИБнүн бардык тармактык кызматкерлер окуучуларга өздөрүнүн иш алып баруусу боюнча маалымат беришип, кеңири баарлашуу жүргүзүлүп, ар бири иш бөлмөлөрү менен тааныштырып өтүштү.
Жыйынтыгында окуучулар милиция кызматкерлеринин иши түмөн түйшүктүү экендигин сезе билишип, ошо менен бирге эле патриоттуулукка умтулушту.