
8-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус 1 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, коронавирус Чүй облусунда катталган.
Ал эми бир суткада Бишкек шаарында илдеттен 9 адам сакайган.
Сутка ичинде каза болгондор катталган жок.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 86 бейтап, амбулатордук түрдө 15 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 969 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 288 киши айыгып чыкса, 2 миң 989 адам каза болду.