
2022-жылдын январь-март айларында пенсия жана жөлөк пулга 13 млрд 575 млн 300 миң сом жумшалды. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
Которулган акча төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
- Бишкек шаарына - 2 млрд 181 млн 200 миң сом;
- Чүй облусуна - 2 млрд 57 млн 400 миң сом;
- Нарын облусуна - 1 млрд 82 млн 700 миң сом;
- Ысык-Көл облусуна - 1 млрд 236 млн 700 миң сом;
- Талас облусуна - 565 млн сом;
- Ош шаарына - 484 млн 900 миң сом;
- Ош облусуна - 2 млрд 502 млн сом,
- Баткен облусуна - 1 млрд 118 млн 400 миң сом,
- Жалал-Абад обл. - 2 млрд 346 млн 900 миң сом.
Пенсия жана жөлөк пулдун каржылануусу 2022-жылдын март айында 4 млрд 534 млн 200 миң сомду түздү.