Бишкек шаарында бүгүндөн баштап кайрадан мото кайгуулдар ишке кирди

Бүгүндөн баштап Бишкек шаарында кайрадан мото кайгуулдар ишке кирди. Алар авто кайгуул сыяктуу эле жол эрежесине протокол түзө алышат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматынын курамындагы туристик милициясы чет элден келген эс алуучулардын коопсуздугу учун эле эмес, туристтер тараптан жергиликтүү мыйзам же коомдук жүрүм-турум эрежелеринин сакталышын да көзөмөлдөп, андан тышкары, электроскутерлер менен эс алуу бакчаларында жана унаа каражаты кире албаган аймактарда коомдук тартипти сакташат.

Эске салсак кайгуул кызматынын туристик милициясы эгерде эреже бузуулар болсо жоо адамдарга гана эмес айдоочуларга да айып сала алышат.

Андыктан жайкы туристик сезондук башталышы менен баш каалабызга чет элден келген эс алуучуларга "Кош келиниздер" - демекчибиз!


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД