
Чүйдө түнү малчыны коркутуп, 4 баш букасын карактап кеткендердин бири кармалып, калганы издөөдө. Бул тууралуу КР ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 2022-жылдын 7-апрель күнү Аламүдүн районунун Акжар жаңы конушунда, айланып өтүү жолунда "Мал уурдоо" рейддик иш-чарасынын жүрүшүндө 32 жаштагы Ж.Н. аттуу жаран жардам сурап кайрылган. Ал саат 02:00дөр чамасында Москва районунун Беловодское айылында белгисиз адамдар каракчылык кылып, анын бодо малын, ар кандай түстөгү 4 баш букасын ээлеп алышып, мамлекеттик номуру белгисиз "Хундай-Портер" үлгүсүндөгү унаасы менен окуя болгон жерден качып кетишкендигин жана өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиргендигин билдирген.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИББы боюнча ЖКККБнүн кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Алга айылында "Бишкек-Нарын-Торугарт" унаа жолунун 17-чакырымында кочкул көк түстөгү, мамлекеттик номуру S3927AI "Хундай-Портер" үлгүсүндөгү унааны 30 жаштагы А. уулу М. аттуу айдоочу айдап бара жатканда кармалган. Анын ичинен ар кандай түстөгү 4 бука табылып, ээси малдарын тааныган. Унаанын ичинде айдоочудан тышкары дагы эки азиат улутундагы адам болгон, алар унаа токтогондон кийин дароо качып кетишкен.
Кармалгандан кийин окуянын бардык катышуучулары Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилген.