
Кыргызстан 12 жылдык мектептик билим берүүгө 2023-2024-окуу жылында өтөт, деп билдирет Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда мектепке чейинки даярдоону 1-класска кыйынчылыксыз трансформациялоо болжолдонууда, бул толук кандуу 12 жылдык мектеп билим берүүсүн түзөт.
Бул – жаштар азыркы 11 жылдык окутуудагыдай эле куракта мектепти аяктайт дегендик.
Система буга даяр – өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен соңку бир нече жылда мектептердин астында 4 миңге жакын мектепке чейинки даярдоо классы акырындык менен түзүлүп, жабдылып калган, аларга жыл сайын 5,5-6,5 жаштагы 102-107 миңдей бала барат, бул 1-класска барган балдардын жалпы санынын 70 пайыздан ашуунун түзөт.