
"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын эмгекчил кызматкерлери былтыр күздө отургузган жоогазындары акырындап гүлдөй баштады. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жазгы гүлдөрдүн түрдүүлүгү шаардыктарды түстөрдүн жана сорттордун палитрасы менен кубандырат. Быйыл баш калаанын гүлзарларында жалпысынан 140 миңден ашык жоогазын гүлдөдү.
Жоогазындар гүлдөп бүтөөрү менен, баштары кылдаттык менен казылып, кургатылып, кийинки күздө кайрадан гүлзарларга отургузулат.
"Урматтуу шаардыктар! Гүлдөргө, шаарга кам көрүңүздөр, уурулук боюнча кичине эле шектенүү пайда болгон учурда дароо милицияга кайрылыңыз: 102", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, былтыр жазында "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы 130 миң түп жоогазын отургузган.