ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери ишембиликке чыгышты

ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери ишембиликке чыгышты. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 9-апрель ишембилик күнүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын аппаратынын кызматкерлери имараттын чектеш аймагын таштандылардан тазалап, ошондой эле ишенип берилген аймактарды көрктөндүрүү демилгесин колдоо максатында көчөттөрдү отургузушту.

Ишембиликке жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын аппаратынын кызматкерлери катышып, ишенбиликтин жыйынтыгында айлана-чөйрө тазаланып, көчөттөрдү отургузулуп, топтолгон таштандылар чогултулуп таштанды таштоочу жайга ташталды.

ЖКККББнын кызматкерлеринин бирдиктүү аракеттеринин натыйжасында бир нече сааттын ичинде башкы башкармалыктын имараттарынын айланасы көрктөнүп, бардык жер тазаланды.

Жаратылыш чөйрөсү бардык адамдар жана жалпы коомчулук тарабынан туура камкордукка алынган болсо, адамдардын ден соолугу, жашоосу үчүн ыңгайлуу шарт түзүлүп, жаш өспүрүмдөрдүн экологиялык түшүнүктөрү артмак.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД