Чүйдө COVID-19ду аныктоочу үч вирусологиялык лаборатория ачылды

Чүй облусунун үч районунда COVID-19ду аныктоочу вирусологиялык лабораториялар ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-апрелде Ысык-Ата, Сокулук жана Жайыл райондорунда Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн райондор аралык борборлорунун вирусологиялык лабораториялары ишке киргизилди. Бул лабораториялар Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан курулган.

Лабораториялардын ачылышына саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Оорулардын алдын алуу бөлүмүнүн лабораториялык кызматынын башчысы Айгүл Жумаканова жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн райондор аралык борборлорунун жетекчилери катышты.

Кыргызстанда 10 жаңы ПЧР лабораториясын куруу пландалууда. Учурда беш лабораториянын курулушу аяктады. Келечекте бул лабораториялар коронавирустук инфекциянын лабораториялык диагностикасынан тышкары башка инфекцияларды (сасык тумоо, кызамык, гепатит ж.б.) ПЧР аркылуу аныктайт деп күтүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД