Бишкек мэри шаар тургундары менен жолугушат (белгиленген күндөрү)

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров келерки аптада шаар тургундары менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, алгачкы жыйын 12-апрель күнү саат 10:00дө №78 мектеп-гимназиясынын жыйындар залында "Көлмө" жаңы конушунун жашоочулары менен жолугат. Ал эми саат 14.00дө акимчиликтин жыйындар залында Биринчи май районунун тургундары менен жолугушуусу болот.

13-апрелде саат 10:00дө №82 мектеп-гимназиясынын жыйындар залында "Ала-Тоо" конушунун калкы менен жолугуп, саат 14.00дө акимчиликтин жыйындар залында Ленин районунун жашоочуларынын суроолоруна жооп берет.

14-апрель күнү саат 10:00дө №91 мектеп-гимназиясынын жыйындар залында "Кара-Жыгач" конушунун тургундары менен жолугуп, саат 14:00дө Октябрь акимчилигинин жыйындар залында Октябрь районунун тургундарынын суроолоруна жооп берет.

15-апрелде саат 10:00дө №94 мектеп-гимназиясынын жыйындар залында "Дордой" жаңы конушунун тургундары тарабынан берилген суроолорго жооп берип, ал эми саат 14:00дө Свердлов акимчилигинин жыйындар залында ошол эле райондун жашоочулары менен жолугушуусу өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД