
Президент Садыр Жапаров жарандарды жергиликтүү бийлик башчылары менен жолугушууга катышууга чакырды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.
"Урматтуу кыргызстандыктар!
11-апрелден баштап бардык район, шаарларда жергиликтүү бийлик башчылары менен жолугушуулар өтөт. Жолугушууга барып, көйгөйлүү маселелериңерди жеринде чечип алсаңыздар болот", - деп жазган өлкө башчысы.