Баланы мектепке кабыл алуу тууралуу арыз берүүнүн кадамдык нускамасы

Мектеп жашындагы балдарды 1-класска кабыл алуу mektep.edu.gov.kg маалыматтык системасы аркылуу эки этапта жүргүзүлөт. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, биринчи этап: 11-апрелден 27-июнга чейин – катталган жери боюнча. Экинчи этап: 27-июндан 10-сентябрга чейин – учурда жашап жаткан жери боюнча.

КАНТИП АРЫЗ БЕРҮҮ КЕРЕК?

Арыз берүү үчүн төмөндөгү маалыматтарды ырааты менен толтуруңуз:

1. Баланын кимиси экениңизди көрсөтүңүз?

Атасы;

Апасы;

Мыйзамдуу өкүлү (бул пунктту тандаган учурда тийиштүү документти тиркөө талап кылынат).

2. Баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү тууралуу маалыматтар:

Жарандыгы;

Жеке идентификациялык номери (ЖИН), аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (сериясы, номери);

Уюлдук телефон номери;

(Логин жана пароль келе турган) негизги электрондук почтасы;

Кошумча электрондук почтасы (Электрондук почталар каттоо жазуусун калыбына келтирүү үчүн зарыл);

Жеңилдик бар/жок (бул пунктту тандаган учурда тийиштүү документти тиркөө талап кылынат).

3. Бала тууралуу маалыматтар:

Баланын жеке идентификациялык номери (ЖИН), аты-жөнү, туулган датасы, жынысы;

Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сериясы, номери.

4. Мектепти тандоо:

Биринчи этап боюнча:

Каалаган окутуу тили;

Ата-энесинин катталган дареги боюнча системада тийиштүү мектеп автоматтык түрдө көрүнөт.

Экинчи этап боюнча:

Каалаган окутуу тили;

Областы/шаары;

Арыз ээси бош орундар болгон учурда каалаган мектепти тандай алат.

5. Арыз берерден мурда толтурулган маалыматтарды көрүп чыгуу:

Арыз берерден мурда арызда толтурулган маалыматтардын тууралыгын текшерүү талап кылынат;

Арызыңыз тастыкталгандан кийин сиздин электрондук почталарыңызга мектепке кабыл алуу үчүн арыз ийгиликтүү берилгендиги тууралуу билдирме жөнөтүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД