
Бүгүн, 10-апрель – Таш-Көмүр, Токтогул жана Кара-Балта шаардык кеңештеринин депутаттарын, ошондой эле 13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо күнү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жалпысынан 336 депутат шайланып, мандат үчүн 1318 талапкер ат салышууда.
3 шаардык кеңеште жалпы депутаттык мандаттардын саны 93, 13 партиядан 827 талапкер катталган.
13 айылдык кеңеште депутаттык мандаттын жалпы саны 243 болсо, анын ичинен 96 мандат райондордо аялдарга бөлүнгөн.
13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 491 талапкер катталса, анын ичинен 160 талапкер аялдар.
Шайлоо өтүп жаткан шаардык жана айылдык кеңештер:
Таш-Көмүр, Токтогул жана Кара-Балта шаардык кеңештери;
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңеши;
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңеши;
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңеши;
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылдык кеңеши;
Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңеши;
Ош облусунун Араван районунун С. Юсупов айылдык кеңеши;
Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш, Төлөйкөн айылдык кеңештери;
Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңеши;
Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айылдык кеңеши;
Чүй облусунун Кемин районунун Көк-Ойрок айылдык кеңеши;
Чүй облусунун Москва районунун Александровка айылдык кеңеши;
Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык Кеңеши.
Борбордук шайлоо комиссиясы жарандарды добуш берүүгө катышууга жана жергиликтүү кеңешке өз өкүлдөрүн шайлоого, шайлоодо жарандык позициясын көрсөтүүгө чакырат.
Талапкерлер тууралуу маалыматты, өзүңүздүн шайлоо участогуңуздун дарегин 1255 же 119 кыска номурлары аркылуу, же КР БШКнын "shailoo.gov.kg" сайтынан билсеңиз болот.