Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү кеңештин биринчи жыйыны өтөт

Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында кеңештин алдында турган биринчи кезектеги милдеттер каралып, бир катар мыйзам долбоорлору жана башка актуалдуу маселелер талкууланат.

Аталган кеңеш президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен түзүлгөн. Ал чот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча сунуштарды даярдоо, бул багыттар боюнча бардык мамлекеттик органдардын макулдашылган иш-аракеттерин, анын ичинде ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну камсыз кылуу максатында түзүлгөн кеңеш берүүчү жана консультациялык орган болуп саналат. Кеңештин алдында тиешелүү сунуштарды даярдоо боюнча эксперттик жумушчу топтор түзүлгөн.

Кеңешти мамлекет башчысы жетектейт.

Кеңештин мүчөлөрү:

- Улукбек Кармышаков - Президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары;

- Курманкул Зулушев - Кыргыз Республикасынын башкы прокурору;

- Нургүл Бакирова - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы;

- Замирбек Базарбеков - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы;

- Чынара Садырова - Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы;

- Акылбек Жапаров - Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри;

- Канат Керезбеков - Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин төрагасы;

- Наталья Никитенко - Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрайымы;

- Эмил Токтошев - Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы;

- Улан Ниязбеков - ички иштер министри;

- Асел Чынбаева - юстиция министри;

- Камчыбек Ташиев - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;

- Билим Райымкулов - Кыргыз Республикасынын Адвокаттар кеңешинин төрагасы;

- Автандил Арабаев - Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жарандык укук жана адвокатура кафедрасынын профессору, юридика илимдеринин доктору;

- Медербек Сатыев - Президенттин администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;

- Чолпон Жакупова - "Адилет" укуктук клиникасынын директору.

Кеңештин жыйыны бүгүн саат 10:00дө башталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД