Мелис Аспековдун иниси алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын А.Т. аттуу тургуну милицияга А.А. аттуу чала тааныш жаранга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда ал "Сары-Өзөн" базарынан ири жер тилкесин алып берем деген шылтоо менен ишенимге кирип, президент менен түздөн-түз байланышым бар деген шылтоо менен 44 миң доллар өлчөмүндөгү каражаттын алып, убадасын аткарбай, дайынсыз болуп кеткенин билдирген.

Аталган факты Свердлов РИИБине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүмү (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн комплекстүү иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган А.А. кармалып, Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эскертүү! Милиция жогорудагы жарандан жабыр тарткандар болсо, же ошол тууралуу кандайдыр бир маалымат белгендер болсо, Бишкектин Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 0 312 43-28-15 жана 102, же төмөнкү телефон номерлери аркылуу билдирип коюуларын өтүнөт:

0 505 55-15-85, 0 557 13-91-39

Ишенимдүү булактар кылмышка шектелип кармалган 1992-жылы туулган А.А. аттуу жаран Азамат Аспеков экендигин билдиришти. Ал жарандык активист Мелис Аспековдун иниси.

Белгилей кетсек, кылмышка шектелип кармалган Азамат Аспековдун агасы Мелис Аспеков жана анын досу Улан Жураев январь айынын башында "Кыргыз темир жолу" УК" мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң АКШ долларын талап кылуу фактысы боюнча кармалышкан.

Башкы прокуратура менен кызматташуу келишимине кол койгон Улан Жураев үй камагына чыгарылып, кийин сотто күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган. Ал эми Мелис Аспеков Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен 7 жылга эркинен ажыратылган.

Маалыматка ылайык, ал жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөйт жана активист тарабынан жабырлануучуларга келтирилген зыян төлөнүп берилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД