
Ырчы Дайыр Исмадияров элди кооперативдерге ишенбөөгө чакырды. Бул тууралуу ырчы өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына жазып чыкты.
"Кооперативге ишенсе болобу?
Чын эле аз акча төлөп Үй же авто алса болобу?
Менин жообум ЖОК, бекер оокат эч жерде жок! ИШЕНБЕГИЛЕ, бул жанагы сетевой маркеттен жаман.
Мен ушул боюнча өзүмдүн опытымды, кимдерге алданганымды, бул сүрөттөгү колума берип жаткан "калп договор" жөнүндө, балдарынын келечегин ойлобогон аферист, жаны жок жанкечтилер, кудайдан жөө качкандар тууралуу 16-апрель толук интервью иретинде айтып берем", - деп жазган ырчы.