
Эммануэль Макрон менен Марин Ле Пен Францияда 2017-жылдагыдай эле президенттик шайлоонун экинчи турунда ат салышат.
Ipsos агенттигинин маалыматы боюнча, учурдагы президент Эммануэль Макрон 28,1%, Ле Пен 23,3% алды. Ошентип, алар экинчи турга катышмакчы.
Экинчи тур 24-апрелге белгиленген.
2017-жылы акыркы добуш берүүгө Макрон менен Ле Пен катышкан. Макрон анда 66,10% добуш алса, анын атаандашы 33,90% добуш алган болчу.