Бишкектин четинде эки унаа сүзүшүп, бир аял жаракат алды

Аламүдүн районунда жол кырсыгы катталып, бир аял жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун Алма-Ата-Чугуева көчөлөрүнүн кесилишинде Ford Mondeo жана Mercedes-Benz 230 үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 1939-жылы туулган О.А аттуу аял киши жабыркаган.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, бирок куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган жаранды тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД