
Швеция менен Финляндия быйыл жайында НАТОго кошулушу мүмкүн. Бул тууралуу The Times өз булактарына таянып жазып чыкты.
Маалыматка караганда, июнь айында Финляндия, андан кийин Швеция НАТОго мүчө болот.
Швеция менен Финляндиянын бийликтери НАТОго кирүү маселеси боюнча өз өлкөлөрүнүн ичинде консенсуска жетишүү үчүн биргелешип иштеп жатышат, бирок ар бир мамлекет акыркы чечимин өзү чыгарат.