
Кыргызстанда бир жумада, тагыраагы 5-апрелден 11-апрелге чейин, коронавирустан адам өлүмүнүн учурлары катталган жок. Бул тууралуу COVID-19га каршы республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, андан мурунку аптада, 28-марттан 4-апрелге чейин, COVID-19 илдетинин кесепетинен адам өлүмүнө алып келген 6 учур катталган.
Коронавирус пандемиясы башталгандан бери илдетти өлкөдө 200 970 адам жугузган.
Каза болгону – 2991 адам.
Туруктуу эпидемиологиялык кырдаалга карабастан, Кыргызстан COVID-19ду жеңгенин айтууга эрте. Дүйнөдө пандемия бүтө элек, өлкөгө коронавирустун жаңы штаммдарын алып келүү коркунучу бар.
"Өзүңүздү жана жакындарыңызды коронавирус инфекциясынын оор кесепеттеринен сактап эмдөөдөн өтүңүздөр!", - деп айтылат маалыматта.