Чүйдө "Арсенал" рейдинин жүрүшүндө 25 ок атуучу курал алынды

Чүй облусунун аймагында "Арсенал" аталышындагы комплекстүү профилактикалык иш-чара өткөрүлүдү. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй облусунун аймагында ок атуучу курал-жарактарды мыйзамсыз сактоону аныктоо, коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле кылмыштуулукту алдын алуу максатында үстүбүздөгү жылдын 18-февралынан 31-мартка чейин "Арсенал" аталышындагы комплекстүү алдын алуу рейд иш-чарасы өткөрүлүдү.

Аталган иш-чарага Чүй облусунун ИИОнун коомдук коопсуздук кызматынан, кылмыш иликтөө кызматынан жана Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлеринен 430дөан ашуун кызматкерлер тартылган.

Рейддин жүрүшүндө

- 3552 баардык мергенчилер текшерилди;

- 1001-сайлуу куралдын ээлери текшерилди,

- 2551-сайсыз куралдын ээлери текшерилди,

- 533-газ желим куралдыдын ээлери текшерилди,

- 19-сыйлыкка берилген куралдын ээлери текшерилди,

- 1-мергенчил дүкөнү текшерилди,

- 3-жеке сакчылык агенттиги текшерилди,

- 2-уруксат берүү тутумунда каттодо турган объектилер текшерилди.

Анда укук бузуулар боюнча 155 протокол толтурулду. Андан сырткары 25 ок атуучу курал-жарак алынган, анын ичиенн 5 газ травматтык курал-жарактар. Милиция кызматкерлери тарабынан 111 000 миң сомдон ашуун айыптар салынган.

Жарандар тарабынан милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен 36 факт жарактар тапшырылган, алардын ичинен 24 сайсыз курал, 6 газ-травматикалык тапанча, 3 кесилген курал, 41 дана ок-дары, 1 даана граната жана 1 даана мина.

Чүй ОИИББы эскертет: Ок атуучу куралды (аңчылык сайсыз куралды жана анын ок-дарыларын кошпогондо), ошого тете ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД