Кыргыз-казак чек арасындагы чектөө алынды

Казакстан 11-апрелде түнкү саат 12:00дөн кийин чек арасынан автоунаа өткөрүүгө коюлган чектөөлөрдү алып салды. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Ошол эле учурда чек арадан өткөндө эки тараптан тең жарандардан ПЧР тести жана COVID-19га каршы эмдөөнүн, ревакцинациялоонун толук курсунан өткөнүн тастыктаган документи/паспорту талап кылынат.

Кыргыз-казак чек арасынан автотранспорт каттамы менен өтүүгө 2020-жылы жазында коронавирустун жайылышына байланыштуу чектөө кирген болчу.

Эки өлкөнүн чек арасында жалпы жети өткөрмө бекети бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД