Нарында тергөөчүлөр арасында спорттук мелдештер өткөрүлдү

Нарында Касмалиев Күнболот Станбековичтин жаркын элесине арналган спорттук иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 9-апрель күнү Тергөө кызматынын түзүлгөндүгүнүн 59 жылдыгына карата иш-чара уюштурулуп, анда өзүнүн кесибинде мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтө алган айрым кызматкерлер сыйланышты.

Андан соң, 15 жылдан ашуун тергөө кызматына эмгегин арнаган Касмалиев Күнболот Станбековичтин жаркын элесине арналган спорттук иш-чара өткөрүлүп, ага багышталып куран окутулуп, иш-чарага шаар, райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын кызматкерлери катышып ат салышты.

Салтка айланып калган жыл сайын өткөрүлүп жаткан бул өтмө кубок, өздүк курам арасындагы ынтымакты, достукту биримдикти бекемдөө максатында уюштурулуп, тергөө кызматынын кызматкерлери кичи футбол оюну боюнча ат салышып, волейбол оюну боюнча Нарын ОИИБнин бөлүмдөр аралык командалар катышып, оюн кызуу улантылды.

Жыйынтыгында 1-орунга Кочкор РИИБи, 2-орунга Нарын ОИИБнин Борбордук аппараты жана 3-орунга Жумгал райондук ички иштер бөлүмү ээ болушуп, жеңүүчү командаларга кубок, дипломдор, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле спорттук иш-чарада мыкты оюн көрсөткөн оюнчуларга номинациялар ыйгарылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД