Иш таштаган айдоочулар эч нерсе болбогондой жумушка чыгышты

Борбор калаадагы маршруттук таксилердин айдоочулары беш күн катары менен саботаж кылып, транспорттук коллапс жаратышты. Бирок бүгүн эч нерсе болбогондой, кадимкидей эле маршруттук каттамдары менен жумушка чыгышты. Аялдамаларда өткөн жумадагыдай тыгын жок.

Айдоочулардын иш таштоосу аяктагандыгы тууралуу кечээ кечинде кабарланган. Анда айдоочулар шаардык кеңештин жаңы курамы жол кирени көтөрүү тууралуу чечим кабыл алганга чейин күтүүнү чечишкендиги айтылган. Мындайча айтканда бир жакшылык кылышкандай, бирок башка аргалары да жок эле да.

Бирок өткөн жумада коомдук транспортсуз көчөдө калып, жумуштарына кечиккен борбор калаанын тургундары бүгүн эртең менен адаттагыдан эрте чыгышты. Көпчүлүгү тобокел кылбай өткөн жумада маршруттук каттамдардын иш таштоосунан пайдаланып, бааларын асмандатып элди кыйнаган таксилерди эле чакырып жумуштарына жетип алышты.

VB.KG`нин кабарчылары түштүк кичирайондордогу эл көп жүргөн аялдамаларды кыдырып, жүргүнчүлөрдү ташуу кадимки режимде жүрүп жатканына күбө болду. Бардык каттамдар өз ишин жандандырды деп айтуу кыйын, бирок, негизги делген 212, 175, 106,146, 243 ж.б. каттамдар өз маршруттуры менен жүргүнчүлөрдү ташууда.

Ошол эле учурда муниципалдык транспорттор да кадимкидей иштеп жатат. Автобустар жана троллейбустар иш таштоого чейинкиге караганда кыйла бат-баттан келүүдө. Анткени жүргүнчүлөр өткөн жумада ээлери жүздөрүн толук көргөзгөн маршруттук каттамдарга караганда аларга чыгууну туура көрүп жатканына күбө болдук.

Жалпысынан абал кадимкидей эле - аялдамаларда адамдар өтө көп эмес, транспорт үзгүлтүксүз иштеп жатат. Бирок өткөн жумада жөө - жалаң калып кыйынчылык көргөн шаардыктардын көкүрөгүндө кетпес так калгандай. Муну көрүп, эл кийинки жолу жол кирени көтөрүү тууралуу маалыматтарга бул жолкудай түшүнүү менен мамиле кылышпайт го деген ой келет!


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД