
Белгилүү төкмө акын, КРнын Эл акыны Азамат Болгонбаев президентке жана президенттин Чүй облусундагы өкүлүнө кайрылуу жолдоп, Чүй облустук театрынын имараты дагы деле жок экендигин, ага имарат бөлдүрүп берүүнү суранды. Бул тууралуу акын Фейсбуктагы жеке баракчасына жазган.
"Урматтуу Садыр Нуркожоевич!
Урматтуу Нурил Алымбаев Джайылбекович!
Чүйдүн мен мыктымын деген эр азамат уул-кыздары!
Бүгүн шаар менен облустун жетекчилери эл менен жолугушуу өткөрөт экен.
Андыктан өтүнүч!
Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын имараты 30 жылга жакын убакыттан бери жок. (театрдын түзүлгөнүнө 30 жыл болду, башында имараты болуп алдырып жиберген)
2 жылдан бери Военно Антоновка айылындагы Маданият үйүн театрга алып берүү боюнча иш башталып ар кандай себептер менен алдыга жылбай келет. Бул имаратты театрга алып берүү боюнча ишти КР Президентинин Чүй обулусундагы өкүлчүлүгү өз колуна алса маселе тез чечилет эле.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги имарат алынып калса баардык колдоосун көрсөтөрүн билдирген.
Урматтуу Садыр Нуркожоевич ушул маселени тыкыр көзөмөлүңүзгө алып Чүй облусунун жетекчилерине тапшырууңузду суранам.
Бир аз эле каражатка жана обулустук жетекчилердин чын ниети менен алып барган ишинин аркасында бакыйган Чүй областынын театрынын имараты чечилген турат.
Урматтоо менен театрдын директору КР Эл акыны Азамат Болгонбаев", - деп жазган акын.