
Казакстан 15-апрелден 15-июнга чейин буудай жана ун экпорттоого чектөө киргизди. Бул тууралуу онлайн брифингде айыл чарба министринин орун басары Айдарбек Сапаров билдиргенин Tengrinews.kz жазды.
Айыл чарба министринин орун басары Айдарбек Сапаровдун айтымында, мындай чара ички базарда ун азыктарына таңкыстыкты болтурбоо үчүн кабыл алынды. Ал учурда мамлекетте 118 миң тонна ун бар экенин билдирди.
"2022-жылдын 1-апрелинде тышкы соода саясаты жана эл аралык экономикалык уюмдарга катышуу боюнча мекемелер аралык комиссия 15-апрелден 15-июнга чейин буудайды жана унду экспорттоого квота киргизүү чечимин кабыл алды", - деди ал.