Бир суткада 362 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында - 209, Ош шаары - 39, Чүй облусу - 30, Ош облусу - 30, Талас облусу - 3, Нарын облусу - 7, Ысык-Көл облусу - 16, Жалал-Абад облусу - 19, Баткен облусу - 9 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда эки бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери 107 миң 335 киши вируска чалдыгып, 1 миң 852 бейтап көз жумду.