Кыргыз-тажик чек арасында эки тараптуу сүйлөшүү жүрүүдө

Кыргыз - тажик чек арасында эки тараптуу сүйлөшүү жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптардын жолугушуусу саат 03:00дө башталып, анда КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана КР УКМКнын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеевдер баштаган облустук күч түзүмдөрүнүн башчылары Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода, Тажикстан мамлекетинин чек ара кызматынын башчысы жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышып жатат.

Эскерте кетсек, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алган. Саат 21:17лерде сүйлөшүү учурунда тажикстандык чек арачылар кыргызстандык аскер кызматкерлерине ок чыгарышып, ал 30 мүнөткө соузулган. Кайталанган ок атышууда УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкери жарадар болгон.

Чек ара кызматынын акыркы маалыматына таянсак, Кыргызстан менен Тажикстан күч жана каражаттарын алып кете баштады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД