Кыргыз-тажик чек ара чыры. Эки тараптын жолугушуусу өтүүдө

Кыргызстан менен Тажикстандын тиешелүү өкүлдөрүнүн эки тараптуу жолугушуусу өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, түнкү саат 03:00дөн 03:55ке чейин "Кулунду-авто жол" (КР) жана "Овчи-Калча-авто жол" (РТ) көзөмөл өткөрүү жайларынын ортосундагы аймакта Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өткөн.

"Бүгүн, 13-апрелде, саат 11:00дө жолугушуунун экинчи бөлүгү КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин абалды жөнгө салуу жана чагымчылдыкка жол бербөө боюнча Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода менен жолугушуусу башталды", - деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча кошумча маалыматтар берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД