
ИИМдин Атайын багыттагы полкунда 2022-жылдын 1-чейреги боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 13-апрель күнү Атайын багыттагы полкунда 2022-жылдын 1-чейреги боюнча ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетовдун катышуусунда ыкчам кеңешме өткөрүлдү.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Атайын багыттагы полктун кызматтык унааларын текшерүү менен баштап, андан соң полктун 2022-жылдын 1-чейреги боюнча ыкчам кеңешмеге катышты. Ыкчам кеңешменин жүрүшүндѳ полктун аткарылган иштери боюнча маалыматын укту. Отчеттук мезгилде полктун негизги күчү республиканын аймагында укук тартибин күчөтүү жана укук бузууларды алдын алуу боюнча ИИМдин башка кызматтары менен биргеликте бир катар иштерди алып барууга жана массалык, коомдук, саясий иш-чараларды өткөрүүдө, чет өлкөлүк делегацияларды тосууда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого багытталды.
Ички иштер министринин орун басары кеңешменин жүрүшүндѳ ар бир кызматкер күнүмдүк кызматта ѳздѳрүнүн алдына коюлган тапшырмаларды ак ниеттүүлүк менен аткарып, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоодо жарандарга сылык жана маданияттуу мамиле кѳрсѳтүнү тапшырды. Ошондой эле, элдин милицияга болгон ишеничин арттырып, полктун жамаатында ыңгайлуу моралдык-психалогиялык климатты калыптандырууну камсыз кылуу жана ѳздүк курамды биримдикке, ынтымакка тарбиялоо, кызматкерлердин мекенчилдик сезимин, берген антына жана кызматтык тапшырмасына берилгендигин калыптандырууга багытталган иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүүнү талап кылды. Андан сырткары мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти кынтыксыз сактоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүгүзүү, полктун аброюна шек келтирген терс кѳрүнүштѳргѳ жол бербѳѳ, калк арасында милициянын беделин жогорулатуу боюнча иш-чараларды ѳткѳрүү, ѳздүк курамдын тарбиялык жана руханий адеп-ахлактык абалын жакшыртуу боюнча окутуу иштерин улантуу керектигин айтты. Октябрь Урмамбетов сөзүнүн аягында Атайын багыттагы полктун негизги багыты болгон күжүрмөн даярдыгын жогорку деңгээлде кармоону, коомдук коопсуздоо чараларын жана кайтарууга алынган режимдик объектилердин аймагында коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыздоону, жеке тарбиялоо иштерин жүргүзүүдө бардык күч-аракеттерди жана ыкмаларды колдонууну буйруду.
Жыйынтыгында полктун командири милициянын полковниги А.Султаналиев башкармалыктын, бөлүмдөрдүн башчыларынын жана бөлүк командирлерине жогоруда коюлган тапшырмалырды кынтыксыз аткарып кетирилген кемчиликтерди тез аранын ичинде жоюну табыштады.