Асман шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору алмашты

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору Файзиев Тимур Азаматович ээлеген кызматынан бошотулду.

Миинстрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын ордуна Акматалиев Руслан Бекболотович Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору болуп дайындалды.

Тийиштүү чечимдерге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД