
Борбор калаанын Интергельпо көчөсү Кеңсуу көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине чейинки бөлүгү оңдоо иштерине жабылгандыгына байланыштуу троллейбустук каттамдардын кыймылы өзгөрөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, №10 жана 2-троллейбустук каттамдардын схемасын жарым-жартылай өзгөртөт. Көчөнү реконструкциялоо иштерине байланыштуу троллейбустук каттамдар Ю.Фучик көчөсү менен каттайт.
Урматтуу шаардыктар! Ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз жана убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алуу менен маршруттук каттамдарыңызды пландаштырууну суранабыз.