Автобустун айдоочулары күн сайын наркологдор тарабынан текшерилип турат

"Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасында наркологиялык кабинет иштейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки автопарктын айдоочуларын текшерүүнү 7 нөөмөтчү наркологдор жүргүзүүдө.

Дарыгерлер эртең менен каттамга чыгып жаткан айдоочуларды медициналык кароодон өткөрүшөт. Текшерүү жол баракчалары журналга каттоодон, тышкы экспертизадан, кан басымын өлчөөдөн турат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД