
"Уральские авиалинии" авиакомпаниясы 2022-жылдын 20-апрелинен баштап "Красноярск-Бишкек-Красноярск" багыты боюнча жаңы үзгүлтүксүз каттам ачууну пландап жатат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каттам жумасына 1 жолу – жекшемби күндөрү аткарылат.
Аталган авиакомпания 2022-жылдын 10-апрелинен баштап "Иркутск-Бишкек-Екатеринбург" багыты боюнча каттамды аткара баштаган. Каттам жумасына 1 жолу – бейшемби күндөрү аткарылууда.