Бишкекке Өзбекстандын инвестиция жана тышкы соода министри келди

Бишкекке иш сапары менен Өзбекстандын премьер-министринин орун басары - инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Усурзаков келди. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министринин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аны "Манас" аэропортунан экономика министри Данияр Амангелдиев жана Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Азиз Аалиев тосуп алышты.

Бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Өзбекстандын премьер-министринин орун басары - инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Усурзаковдун жолугушуусу өтөт.

Ошондой эле Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун расмий ачылышы өтөт.

Маалымат үчүн: Фонд боюнча келишимге президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын мартында Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган. Фонддун баштапкы капиталы 50 млн АКШ долларын түзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД