Кызыл-Кыя шаарында "Мал ууру" иш-чарасы өткөрүлдү

Кызыл-Кыя шаарында "Мал ууру" иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя ШИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан "Мал ууру" рейддик иш-чарасы өткөрүлүп, иш-чаранын алкагында шаар аймагына стационардык посттор коюлуп, ветеринардык кызматтын кызматкерлери менен биргеликте текшерүүлөрдү жүргүзүштү.

Ошондой эле Караван айылындагы мал базар кылдаттык менен текшерилип, мал базарга келген элдерге мал уурулуктун алдын алуу, кылмыштуулукту болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштерин алып барышты.

Шаар аймагындагы базарлардагы эт саткан дүкөндөр, мал союулуучу жайлар көзөмөлдөн өткөрүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД