Ош шаарында окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош шаарында окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош ШИИБы Боюнча МККБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милициянын кайгуул кызматы менен Ош ШИИБнын Ак-Буура МБнын жетекчилиги жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору шаар аймагындагы окуучуларга өз өмүрлөрүн кыюуларын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошону менен бирге мыйзамдуулукту, тартипти жана жол кыймылынын эрежелерин сактоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул иш-чаралардын максаты коомдук коопсуздукту сактоо жана жол кырсыктарын алдын алуу болуп саналат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД