Жапаров: Кыргызстан Өзбекстан менен биргеликте Кабар-Ата-1 ГЭСин курат

Кыргызстан Өзбекстан менен биргеликте Кабар-Ата-1 ГЭСин курат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун расмий ачылышында билдирди.

Анын айтымында, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ачылышынын алкагында соода-логистикалык борборлорду жана унаа жолдорду куруу пландалууда.

"Мындан сырткары, Кыргызстан Өзбекстан үчүн транзиттик көпүрө түзүп, коңшу өлкө менен айыл чарба продукциясын алмашуу көлөмүн көбөйтүүнү пландаштырууда", - деди ал.

Акылбек Жапаров жакынкы аралыкта эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 2 млрд долларга жетиши керектигин айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД