
Бишкек мэри "Тазалык" ишканасынын жетекчисин алмаштырат. Мындай пикирин калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров кечээ Ленин районунун тургундары менен жолугушуу учурунда айтты.
Анда мэрге район жашоочулары ар кандай көйгөйлөр менен кайрылышып, өзгөчө шаардын тазалыгына көбүрөөк көңүл бөлүүсүн өтүнүшкөн.
"Бул көйгөй бир эле сиздердин райондо эмес, шаардын баардык жерлеринде бар. Ошондуктан мен бир-эки күндө "Тазалык" ишканасынын жетекчисин алмаштырам. Мындай жерге тажрыйбалуу, иштин көзүн билген адам келип иштеш керек"-деген мэр.